Ысык-Көлдүк дааватчы төрт кишиге коронавирус жугузган

Ысык-Көлдүк дааватчы төрт кишиге коронавирус жугузган

Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарынын тургуну 4 адамга коронавирус жугузган. Бул тууралуу облустук штабдан билдиришти.

Буга чейин Караколдун Кирпич заводу аймагында жашаган 30 жаштагы тургуну Ш.М.дан коронавирус инфекциясы табылганы айтылган. Ал 22-март күнү Индиядан Бишкекке учуп келген. 30-мартта үй-бүлөсү менен обсервацияга алынган. Кийин анын кызы менен балдызынан вирус табылган.

«Эми болсо COVID-19 анын үч жаштагы уулу менен 9 жаштагы балдызынан табылды. Ш.М. өзү айыгып, 15-апрелде үй карантинине чыгарылган. Учурда Ысык-Көл облустук ооруканасында анын 2 баласы жана 2 балдызы дарыланып жатат», — дешти облустук штабдан.

Ушуну менен Ысык-Көл облусунда 8 адамдан вирус табылды: Түп районунун эки тургунунан, Ак-Суу районунун Жолголот айылынан -1, Каракол шаарынан — 5. Алардын төртөө айыгып чыкты.

Бүгүн, 17-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру аныкталды. СOVID-19 инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 489 кишиге жетти. Ичинде 116сы медицина кызматкерлери.

  • Стационарда – 370
  • Реанимацияда – 4
  • Ооруканадан чыгарылды – 114
  • Каза тапты – 5

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.

Расмий маалымат боюнча, 2020-жылдын 1-мартында Кыргызстанда элдин жалпы саны 6 миллион 542 миң адамга жетти.