30.05.2018 18:12

Ысык-Көлдө 10 млн сомдук салыкты төлөөдөн качып жүргөн ишкерлер аныкталды

Экономикалык кылмыштарга күрөшүү мамлекеттик кызматы 10 млн сомдук салыкты төлөөдөн качкан учурду аныктады. Бул туурасында аталган кызматтын басма-сөз борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Каржы полициясынын Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу району жана Каракол шаары боюнча район аралык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2017-жылдын январынан декабрына чейин «Ш.» ЖЧКсынын жетекчилери ири өлчөмдөгү салыкты төлөөдөн качып жүргөнү аныкталды. 

Бул иш боюнча текшерүү жүрүп, келтирилген чыгымдын орду толукталды. Ишкана ээлерине карата 213-берене менен кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүүдө.