Ысык-Көлдө 100дөн ашуун жаран обсервациядан үй карантинине чыгарылат

Ысык-Көлдө 100дөн ашуун жаран обсервациядан үй карантинине чыгарылат

Ысык-Көл облусунда 108 адам обсервациядан чыгарылып, эки жумалык үй карантинине жиберилди. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, алардын экинчи этабдагы анализдеринен COVID-19 табылгын жок.

“Облуста жалпы 195 адам обсервацияга алынган. Учурда 84 адам обсервацияда калууда, ал эми 3 адамдын анализдеринен COVID-19 табылгындыгына байланыштуу инфекциялык бөлүмдөрдүн изоляторунда жатат”, - деп билдирет Ысык-Көл облустук ыкчам штабынын басма сөз кызматы.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.