12.02.2019 17:18

Ысык-Көлдө 11-класстын окуучусу киши колдуу болду

Ысык-Көлдө 11-класстын окуучусу киши колдуу болду

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы унаа базарынын жанынан 11-класстын окуучусунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук ИИБ басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, жансыз дене бүгүн, 12-февралда саат 08:25 чамасында табылган.

«Бүгүн эртең менен милициянын нөөмөт бөлүмүнө телефон чалышып, унаа базардын жанынан азиат улутундагы адамдын денеси жатканын кабарлашты. Бул факт боюнча ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлүп, алар маркумдун киши колдуу болгонун аныкташкан. Сөөктүн жанынан канга окшош түскө боелгон таяк табылган», -деп айтылат маалыматта.

Ыкчам-териштирүү иштеринин жүрүшүндө өлтүрүлгөн адамдын өздүгү такталган. Ал Каракол шаарынын 18 жаштагы тургуну, №5 мектептин 11-классынын окуучусу Д.Б. болуп чыккан.

«Ата-энесинин айтымында, маркум 12-февралга караган түнү болжол менен саат 00:00 дөрдө үйдөн чыккан, ошол боюнча келген эмес.  Учурда Каракол ШИИБи бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен иш козгоп, шектүүлөрдү издөө иштерин жүргүзүшүүдө», - деп билдирет басма сөз катчы.