27.05.2020 15:24

Ысык-Көлдө үй-карантинде жатчу жарандар айылчылап кетишкен

Ысык-Көлдө үй-карантинде жатчу жарандар айылчылап кетишкен

Ысык-Көл облусунда үй карантиндин эрежелерин бузгандыгы үчүн үч адам обсервацияга алынды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалыкштаб кабарлайт.

Маалыматка караганда, сырттан келип, үй карантинине жата турчу жарандар, тартипти сактабастан, айылчылап жүрүп алышкан.

  • 1994-ж.т. Соль-Илецктен келген жаран 19-майда үй карантинге алынган. 22-24-майда үй карантин шартын бузуп, Түп айылында бир нече жерге барган.
  • 1993-ж.т. Москвадан келген жаран 22-майда үй карантинге алынган. 24-26-майда Жаңы-Арык айылын кыдырып жүргөн.
  • 1995-ж.т. Санкт-Петербургдан келген жаран 18-майда үй карантинге алынган. 25-26-майда Дархан, Саруу, Кызыл-Суу айылдарына жана Каракол шаарына барып келген.

Белгилей кетсек, учурда өлкө боюнча жалпысынан бул илдет менен 1520 адам ооруп калышты. Алардын ичинен 1043ү сакайып, ооруканадан чыгарылган. Бейтапканада дагы 461 жаран дарыланышууда. 4 киши кайра жанжандыруу бөлүмүндө.

Эске салсак, өлкө боюнча коронавирустан 16 бейтап көз жумган.