15.08.2018 14:11

Италиядагы көпүрөнүн урашынан каза тапкандардын саны 35ке жетти, үчөө -балдар

Италиядагы көпүрөнүн урашынан каза тапкандардын саны 35ке жетти, үчөө -балдар

Генуяга жакын аймактагы автоунаалар өтүүчү көпүрөнүн урап түшүшүнөн 35 адам каза тапты. Бул тууралуу маалыматты өзүнүн твиттердеги баракчасында Италия ИИМинин башчысы жана вице-премьер Маттео Сальвини тастыктады. 

«Тилекке каршы, Генуядагы кырсыктан каза тапкандардын саны 35ке жетти. Азыр ал жерде иштеп жаткан бардык дарыгерлерге, куткаруучу, ыктыярчыларга ырахмат», -деп жазды Сальвини. 

Орусиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, жаракаттар менен ооруканага жеткириплген 15 адамдын тогузу оор абалда. Дагы он адам табылбай жатат. 

La Repubblica гезити курман болгондордун арасында 8, 12 жана 13 жаштагы үч бала болгонун билдирүүдө. Учурда бул факт боюнча иликтөө башталды. Кечээ, 14-августта Италияда узундугу 1,1 чакырымды түзгөн көпүрөнүн 100 метрге жакыны урап түшкөн. Кырсык болгон учурда көпүрөнүн үстүндө 30дан ашуун жеңил унаа жана 3 жүк ташуучу унаа болгон.