29.04.2020 15:07

К. Боронов: Өлкөдөгү инфекциянын жайылышын бир топ көзөмөлдөй алдык

К. Боронов: Өлкөдөгү инфекциянын жайылышын бир топ көзөмөлдөй алдык

Кыргызстан эпидемиянын туу чокусуна жетти деп айтуудан алысмын. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

“Бүгүнкү күндө эпидемиянын туу чокусуна жеттик деп айтуу кыйын. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун методикасынын негизинде эсептен чыккан эсептөөлөрүбүз туура чыгууда. 30-апрелге чейин биздин республикада 770 оорулу болот деп божомолдогонбуз. Анын 60% бүгүнкү күндө айыгып чыкты. 29-апрелге карата 729 адам коронавирус жуктурган. Демек, өлкөдөгү инфекциянын жайылышын бир топ көзөмөлдөй алдык десек болот”, – деп билдирди Боронов.

Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 729 кишиге жетти.

Жалпысынан республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 437 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Күн мурун, 28-апрелде өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылды.