05.02.2020 09:00

Кадр саясаты: Мурунку вице-мэр Айгүл Рыскулованы Жээнбеков КМШнын экономикалык кеңешине киргизди

Кадр саясаты: Мурунку вице-мэр Айгүл Рыскулованы Жээнбеков КМШнын экономикалык кеңешине киргизди

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Айгүл Рыскулова Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешиндеги комиссияда Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. 4-февралда тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Буга чейин ал кызматты Зина Асанкожоева аткарып келген.

Айгүл Рыскулова Бишкек шаарынын вице-мэринин кызматынан 2018-жылы кеткен.