26.03.2020 15:48

Кадр саясаты: Жогорку Кеңештин аппаратын сабатсыз киши башкарабы?

Кадр саясаты: Жогорку Кеңештин аппаратын сабатсыз киши башкарабы?

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Самат Ибраев кызматтан кетип, анын ордуна Алмазбек Сабырбеков дайындалды. Мындай маалыматты парламенттин басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдан бери аппарат жетекчи болуп иштеп келген Ибраев 23-мартта өз арызы менен кызматтан бошотулган. Анын ордуна төраганын буйругу менен аппарат башчы болуп Алмазбек Сабырбеков дайындалган.

41 жаштагы Сабырбеков 2019-жылдын март айына чейин спикер Дастан Жумабековдун кеңешчиси болуп эмгектенген.

Эске сала кетсек, Алмазбек Сабырбеков коомчулукта талкуу жараткан окуядан соң кызматтан алынган. Былтыр 1-мартта кыргыз-орус тилдеринде аралаш, бир топ ката менен жазылган документ «Фейсбукка» жарыяланган. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге багытталган катта эң жөнөкөй грамматикалык жана стилистикалык эрежелер сакталган эмес. Ага Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабековдун колу коюлган. Документтеги каталар кызуу талкууга түшкөн.

Парламенттин басма сөз кызматы аталган документте чын эле одоно каталар бар экенин мойнуна алып, төраганын иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу кызматкер - анын кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков ээлеген кызматынан бошотулганын кабарлаган болчу.