12.06.2018 11:15

Калаада акын, журналист Тенти Орокчиевдин 80 жылдыгына арналган чыгармачыл жолугушуу өтөт

Калаада акын, журналист Тенти Орокчиевдин 80 жылдыгына арналган чыгармачыл жолугушуу өтөт

Бишкек шаарында акын жана радио кабарчы Тенти Орокчиевдин 80 жылдыгына арналган чыгармачыл жолугушуу өтөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маданият башкармалыгынын маалыматына караганда, 2018-жылдын 13-июнунда саат 10:00дө Токтогул атындагы адабият жана искусство музейинде Тенти Орокчиевге арналган чыгармачыл жолугушуу жана сүрөт көргөзмөсү өтөт.

Акын, журналист Тенти Орокчиев 1938-жылы Тоң районунун Көк-Сай айылында төрөлгөн. Эмгек жолунда “Мугалимдер газетасында” иштеген, Кыргыз Совет энциклопедиясынын илимий редактору, КР Телерадиокорпорациясында редактор болуп иштеген.  

30 жыл бою Т.Орокчиев поэзия жанрындагы  “Поэтикалык экран”, “Поэтикалык саптар”, “Ыр толкуну”, “Саякат”, “Таберик”, “Адабият жанылыктары” сыяктуу берүүлөрдү алып барган.

Т. Орокчиев СССР журналисттер кеңешинин мүчөсү, КР жазуучулар союзунун мүчөсү, КР эмгек сиңирген ишмер, Улуттук телерадиокомпаниянын отличниги, Даңк медалынын ээси. 

Иш-чарага журналисттин балдары, туугандары жана кесиптештери, коомдук ишмерлер катышат.