02.07.2018 11:19

Калаада #Art140bishkek искусство фестивалы өтүп жатат

Калаада #Art140bishkek искусство фестивалы өтүп жатат

Бишкек шаарындагы  Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде #Art140bishkek искусство фестивалы өтүүдө. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Фестиваль- Бишкек шаар мэриясынын колдоосу менен, Мадания, маалымат  жана туризм министрлиги, чыгармачыл демилгелерди колдоо фонду тарабынан уюштурулган.

Көргөзмөнүн максаты- жаратылыш баалуулуктарын, шаар тарыхын  сактоо,  жаш  муундарды жаратылышка  аяр мамиле жасоого тарбиялоо.
 
Көргөзмөдө 140 эмгек коюлуп, алардын жетимиши - живопись болсо,  калганы жаратылыштын кооздугу,  тарыхый-маданий имараттар чагылдырылган сүрөттөр, шаар тургундарынын жана балдардын портреттери.  Мыкты чыгармалар кайрымдуулук акцияларына жумшалат. Кирүү акысыз.