24.04.2018 20:54

Калаада өзгөчө кырдаалдар боюнча штаб чакыртылды

  калаадагы катуу шамал (5 материалов)
Калаада өзгөчө кырдаалдар боюнча штаб чакыртылды

Бүгүн борбордо саат 19:20лар чамасында катуу шамал башталды. Буга байланыштуу Бишкек мэриясында чукул кырдаалдар боюнча штаб чогултулду. Аны вице-мэр Геннадий Милицкий жетектейт. Бул туурасында шаар мэриясынын аппаратынан билдиришти. 

Штабга калаадагы кырдаалды көзөмөлгө алуу милдети жүктөлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурда жабыркагандар тууралуу маалыматы жок экенин билдирет. Мурдараак ӨКМ бул тууралуу шашылыш билдирүү тараткан.

Анда 24-апрелде  саат 18:00дөн 21:00гө чейин жана 25-апрелге караган түнү Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жеткен катуу шамал болоору айтылган.

Мындан улам, министрлик коопсуздук чараларын сактоого  чакырган.