23.12.2019 09:45

Калың түшкөн карды шаардыктар кайда жумшады?

Дем алыш күндөрү балпалактап жааган кар дагы деле ээрий элек. Мындан улам шаардыктар калың түшкөн карды көрүп, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Социалдык тармактарда кардан жасалган түрдүү фигуралардын сүрөттөрү жайнады. Маалыматка караганда, бул скультуралар «Кудайберген» базарынын ишкерлерине таандык.