22.05.2020 15:07

Калпак кийгени үчүн сынга кабылды. Ош шаарынын прокуроруна сөгүш жарыяланды

Калпак кийгени үчүн сынга кабылды. Ош шаарынын прокуроруна сөгүш жарыяланды

Ош шаарынын прокурору катуу сөгүш алганын Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова «Азаттыкка»​ билдирди. Анын айтымында, тартип жазасы тууралуу чечим 20-майда чыкты.

Буга чейин Ош шаарынын прокурору Кубат Абдраимовдун Өчпөс отко гүл коюу иш-чарасында формачан, бирок башына калпак кийип турган сүрөтү Интернетке тарап, катуу талкууга алынган. Социалдык тармактардын колдонуучуларынын арасында аны кубаттагандар да, сындагандар да көп болгон. Сүрөт быйыл 9-майда чакан курам катышкан иш-чарада тартылып алынган. Ош шаардык мэриясы Интернетке жарыялаган сүрөттө прокурордун калпакчан турганын, анын катарындагы башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү баштан-аяк формачан экенин көрүүгө болот.

Башкы прокуратура Кубат Абдраимовдун бул аракети кызматтык этикага туура келбейт деп тапкан. Прокурорго сөгүштөн тышкары сый акы да берилбей турган болгон.