19.07.2018 14:13

Канат Исаев эмне үчүн камакка алынган эле?

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев кечээ, 18-июль, үй камагына бошотулду. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алды. Башта Исаевдин жактоочулары эл өкүлүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу сотко өтүнүч келтиришкен.

Белгилей кетсек, Канатбек Исаевге эки кылмыш иши козголгон. Анын бири коррупция беренеси боюнча Исаев 10 жылга соттолгон. Ал эми бийликти күч менен басып алууга шектелгени кайра тергөөгө жөнөтүлгөн.

April.kg чуулгандуу саясатчынын мыйзам менен болгон татаал карым катнашын эске салат.