31.03.2020 16:31

"Караколдо акча берсең, текшербей өткөрөт" деген 56 жаштагы жаранды УКМК кармап кетти

"Караколдо акча берсең, текшербей өткөрөт" деген 56 жаштагы жаранды УКМК кармап кетти

Ысык-Көл облусунда коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма-сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 56 жаштагы жаран социалдык тармактарга Караколдо коюлган блок-посттордон акча берсең, автоунааларды текшербей эле өткөрүп жатышат деген маанидеги маалыматтарды тараткан.

Ал жаранды укук коргоо кызматкерлери колго түшүрүшкөн. Ал күнөөсүн мойнуна алып, элден кечирим сураганы айтылат. Эми анын аракетине юридикалык баа берилээри маалымдалат.

Эске салсак, бүгүн, 31-мартта жаңы учурлар Ысык-Көл облусунда дагы катталган. Бардыгы болуп илдетти жуктургандардын саны 107 кишиге жетти.

Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды.