23.03.2020 14:17

Карантин: Кыргызстанда салыктарды төлөө мөөнөтү жылдырылат

Карантин: Кыргызстанда салыктарды төлөө мөөнөтү жылдырылат

Коронавирус илдетине каршы туруу боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын айынан катардагы жарандар салык төлөмдөрүнүн убактысын токтото туруу зарылчылыгын билдиришкен.

Ага ылайык, илдетке каршы туруу максатында түзүлгөн республикалык штаб аталган маселени карап, салык төлөмдөрүн жылдыруу боюнча төмөнкү чечимдерди кабыл алды:

  • салыктарды төлөө мөөнөтү жылдырылат;
  • салык текшерүүлөрүн жүргүзүү токтотулду;
  • электрондук эсеп-фактураларын, электрондук унаа-жүк ташуу коштом кагаздарын жана виртуалдык ККМ киргизүү мөөнөттөрү жылдырылды.

Мурдараак КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, салык төлөмдөрүнүн кечеңдеши пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөдө кыйынчылыктарды жаратаарын билдирген.

“Эгерде биз салык төлөмдөрүнүн өлчөмүн кыскартсак, анда бул пенсиялар менен жөлөк пулдарды төлөп берүүгө таасирин тийгизет, учурдагы кырдаалды реалдуу баалаш керек”, - деп жооп берди КР вице-премьер-министри Э.Асрандиев

Бүгүн, 23-март, саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы адамдар катталган жок. COVID-19 вирусу менен ооруган адамдардын саны 14 киши боюнча турат. Алар - 6 эркек, 8 аял. 12 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинге алынды.