13.04.2020 11:53

Карантинде жаткандарды мобилдик тиркеме аркылуу текшерип турушат

Карантинде жаткандарды мобилдик тиркеме аркылуу текшерип турушат

Үй карантининде болууга милдеттүү болгон жарандарга мониторинг кылуу системасы ишке кирди. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлады.

  • Атайын ресурс жана мобилдик тиркеме үй карантинине (инфекцияны жуктурган эмес) жайгаштырылган жактарга карата гана колдонулат. Тиркеме карантин мезгилинде тийиштүү милдеттенмеге кол койгон жарандын ыктыярдуу макулдугу менен гана телефонго орнотулат.
  • Мобилдик тиркеменин иш алып баруусу адамдарга медициналык кызматкерлердин ден соолугунун абалы тууралуу маалымат берет. Ошондой эле, тиркеме бейтаптардын ден соолугунун абалына байкоо жүргүзүп, дарыгерлердин ишине жеңилдик берет.
  • Үй карантиндеги адамдар шашылыш учурда жана ден соолугу начарлап кеткенде, шашылыш SOS белгидеги баскычын колдонууга мүмкүндүгү бар.
  • Бул ресурс жана андагы маалыматтар конфиденциалдуу болуп, кызматтык колдонуу үчүн гана арналган. Мониторинг системасына маморгандар тарабынан ӨК жана ӨА режимдеринин кесепеттерин жоюу жана болтурбоого жооптуу деп белгиленген чектелүү гана адамдар кире алат.


Бүгүн, 13-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды. Алардын жалпы саны 419 кишиге жетти. Ичинен 79 учур медицина кызматкерлеринен аныкталган.

  • Жалал-Абад облусунда – 91,
  • Ош облусунда – 128,
  • Ош ш. – 59,
  • Чүй облусунда – 27,
  • Бишкек ш. – 69,
  • Баткен облусунда – 5,
  • Нарын облусунда – 34,
  • Ысык-Көл облусунда – 6.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.