01.04.2019 15:37

Кара-Суу районунда эки унаа сүзүшүп, бири толук күйүп кетти. Жабыркагандар бар

Кара-Суу районунда эки унаа сүзүшүп, бири толук күйүп кетти. Жабыркагандар бар

Ош облусунун Кара-Суу районунда эки унаа сүзүшүп, бири толук күйүп кетти. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 29-март күнү саат 20:00 чамасында Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында болуп өткөн. Анда аталган райондун 25 жаштагы тургуну өзүнүн «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, «Форд» унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен «Форд» толук күйүп кеткен.

«Эки унаанын айдоочулары денелеринен ар кандай жаракаттарды алышып, Ош шаардык ооруканасына кайрылышкан. Бул кырсык боюнча Кара-Суу РИИБи тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө», - деп билдирет басма сөз кызматы.