Каржы полициясында жетекчилик алмашты. Замирбек Осмоновдун ордуна Болот Сүйүнбаев келди

Каржы полициясында жетекчилик алмашты. Замирбек Осмоновдун ордуна Болот Сүйүнбаев келди

Замирбек Осмонов өзү берген арызга ылайык, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду.  

Премьер-министр Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык, бул кызматка Болот Сүйүнбаев дайындалды. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалымат кызматынан билдиришти.