07.05.2019 15:10

Кат жазып, "Ардагерди куттукта!" акциясына катышыңыздар!

Кат жазып, "Ардагерди куттукта!" акциясына катышыңыздар!

Адамдын көңүлүн алган ачык кат. "Кыргыз почтасы" Кыргызстандагы ардагерлерди өзгөчө жол менен куттуктоо акциясын улантат. 24-майга чейин ар бир каалоочу жаран бүгүнкү жайдары жашоосу үчүн Улуу Ата мекендик согуштан кайтып келгендерге ыраазычылыгын айтып, кат жолдосо болот. Ал көп каражатты же убакытты деле талап кылбайт. Азыркы тынчтык үчүн, маалында курал кармаган ардагерлерге ыраазычылык билдирүү биздин парз дешет уюштуруучулар.

Жараянга April.kg кабарчысы Наргиза Асекова дагы катышып келди.