18.06.2018 12:46

Кайсы депутаттар Бишкек ЖЭБ үчүн кытай кредитин алууну колдогон?

Кайсы депутаттар Бишкек ЖЭБ үчүн кытай кредитин алууну колдогон?

Бишкек ЖЭБ демекчи, коңшулардын компаниясы менен кол алышып келишим түзүү ишинде Жогорку Кеңеш да чоң ролду ойногон. Алар бүгүнкүдөй "Айтпадым беле!" деп кыйкырбай, ал учурда TBEA колдоп бергенин өзүлөрү эле унутуп калбаса биздин эсибизден чыга элек.

Бирок, саясаттын өзгөрүшү депуттаттарга эмне кылышты жакшы түшүндүрдү. Эми эл өкүлдөрү ЖЭБге катышы бар деген адамдардын баардыгына сөөмөй кезеп, жалындуу сөздөр менен упай топтоодо. Кыскасы суунун берки бетине кыйналбай эле өтө качышты.

Артка карай турган болсок, эл өкүлдөрү чыгарган чечимдерине эч качан жоопкерчиликти тарткан эмес. Мыкты депутат бийлик алмашкандан кийин эмес, өз убагында сөзүн айтып, позициясын билдириши керек эле. Түштөн кийин болгон ач кыйкырыктан эч нерсе өзгөрбөйт. April.kg TBEAнын таламын дагы кимдер талашканын эске салат.