29.11.2018 10:21

Кайсы президент кол тийбестигинен кол жуушу мүмкүн?

Кайсы президент кол тийбестигинен кол жуушу мүмкүн?

Бир адамга өчөшүп, аны каралап, ыгы келсе камаш үчүн мамлекеттик маанилүү мыйзамды өзгөртүүнүн кереги барбы? Жогорку Кенештин эки депутаты "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери боюнча" мыйзамды 8 жыл мурдагы конституцияга шайкеш келтирүүнү көздөп жатышат.

Бирок, демилгечилердин бул аракети президент Алмазбек Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу максатында гана жасалып жатат дегендер бар. Ал эми мыйзамды өзгөрткүсү келгендер бул пикирди четке кагып, Кыргызстанда эч ким чексиз кол тийбестикке ээ болбошу керек дешүүдө.