07.09.2018 11:26

Казак көк бөрүчүлөрүн Өзбекстан курамасына атайын утулуп калды деп шектешүүдө

Казак көк бөрүчүлөрүн Өзбекстан курамасына атайын утулуп калды деп шектешүүдө

Казакстандын көк бөрү боюнча курамасын жарым финалда өзбек көк бөрүчүлөрүнө атайын утулуп берген деп шектешүүдө. Мындай кадамга алар финалда кыргыз курамасы менен беттешүүдөн качып, барышкан. Бул туурасында Sport AKIpress. билдирди. 

Кечээ кечинде социалдык тармактарда КР Көк бөрү федерациясынын мурунку өкүлү Талас Бегалиевдин казак курама командасынын мүчөлөрүнө сүйлөп жаткан учурунун тасмасы тарап кетти.  

Бегалиев анда казак спортчуларын өзбектерден атайын утулуп бердиңер деп күнөөлөп жатканын көрүүгө болот. «Былтыр биз Астанага барганда, силерди сыйлап, бардык эрежелериңерге макул болуп, татыктуу ойноп бергенбиз. Силер эмне жигитче ойноп берген жоксуңар? Намыс деген барбы силерде? Эмне саясатты аралаштырасыңар?  Өмүрү көк бөрү ойнобогон Өзбекстанга утулдуңар. Кантип элиңердин бетин карайсыңар?», - деди Бегалиев.