07.08.2018 09:47

Казакстанда кичине балага зомбулук көрсөткөндөр жазадан кутулуп кетишти

Казакстанда кичине балага зомбулук көрсөткөндөр  жазадан кутулуп кетишти

Казакстандын Башкы прокуратурасы Түркестан облусунун Абай районунда кичинекей баланын ыктымал зордукталышы боюнча тергөө иштери аяктаганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, төрт шектүүнүн үчөөсү 14 жашка чыга элек болгондуктан, аларга карата кылмыш иши токтулду. Өлкөнүн Кылмыш кодексине ылайык, сексуалдык зомбулук үчүн жоопкерчилик 14 жаштан башталат. Төртүнчү шектүүнүн иши кичинекей балага карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерин көрүү беренеси боюнча каралууда.

Мекемеден кабарлашкандай, тергөөнүн жүрүшүндө 18 экспертиза жана изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Жабырлануучулардын өтүнүчү менен аларга Кыргызстандын, Орусиянын жана Грузиянын адистери киргизилген. Эрезеге жете электердин жашыруундуулук укуктары тууралуу мыйзамга ылайык, кылмыш иштин чоо-жайы ачык айтылган жок.

Абай айылында кичинекей балага карата ыктымал зомбулук көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалымат быйыл марттын ортосунда пайда болгон. Айылдын 60 жаштагы тургуну Шарипа Батырбекова небереси былтыр августтан бери «бир канча жолу сабалып, зордукталганын» билдирген. Анын бул боюнча жазган арызын жергиликтүү полиция үчүнчү жолкусунда гана араң кабыл алган.

Бул окуя социалдык түйүндөрдө жана ЖМКларда чоң резонанс жараткан. Буга байланыштуу аймактын бийлиги бир нече кызмат адамы жумуштан алынганын жарыялаган.