16.09.2019 16:01

Казакстанда жол кырсыгынын кесепетинен төрт адам тирүүлөй күйүп кетти

Казакстанда жол кырсыгынын кесепетинен төрт адам тирүүлөй күйүп кетти

Казакстанда жол кырсыгынын кесепетинен 6 адам каза болуп, алардын төртөөсү унаанын ичинде тирүүлөй өрттөнүп кетти. Бул туурасында аймактын Полиция департаментине таянып, Tengrinews.kz жазып чыкты. 

Кырсык бүгүн, 16-сентябрда таңкы саат 3.45те Самара-Шымкент унаа жолунда болгон.  Актөбө облусуна бара жаткан Mazda Cronos унаасынын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып, Opel Vectra унаасын сүзүп алган. Кагылышуудан Mazda унаасы күйүп баштаган: газбаллондуу агрегат жарылып кеткен.

Кесепетинде Opel Vectra айдоочусу ооруканага жеткирилген, анын жубайы менен уулу алган жаракаттарынан жеринде мүрт кеткен. Mazda унаасынын айдоочусу, жубайы, уулу жана небереси (кыз) унаанын ичинде өрттөнүп кеткен.

Бул иш боюнча жол эрежесин бузуу фактысы менен сотко чейинки өндүрүш башталды.