08.02.2020 20:06

Казакстандагы массалык мушташ. Кордайдагы эл Кыргызстанга качууда

Казакстандагы массалык мушташ. Кордайдагы эл Кыргызстанга качууда

Казакстандын Масанчи айылындагы массалык мушташтын айынан Кыргызстандын аймагына баш калкалоо үчүн качкандар арбып жатат. Алар үчүн гуманитардык жардам топтоло баштады. Бул тууралуу April.kg маалымат агенттигинин кабарчысы Юлия Кулешова жеринен кабарлады.

Маалыматка караганда, качкындар Кыргызстандын аймагына үч чек ара өтмөгүнөн кирип жатышат.

Жабыр тарткандарды тосуп жаткандардын бири чек арадагы кезекте төрт  сааттан ашык тургандыгын билдирген. Бул убакыт аралыгында өткөрүүчү бекеттен болжол менен эки миңдей киши өткөн.

Ал эми качкындардын бири кабарчыга Казакстандын башка айылдарынан дагы адамдар чек арада кезек күтүп турушат. Ал айылдарга Шымкенттен адамдар келип дагы кыйратат деген маалымат келип түшкөн. Бул бул маалымат ырастала элек. Жергиликтүү тургундар коркуп калышкан. Бардыгы тең чоочулап турушат. Андыктан бүт үй-бүлөсү менен Кыргызстанга өтүп жатышат.

Кыргыз тараптан качкындарды бир гана дунган диаспорасы эмес, кайдыгер эмес жарандар дагы тосуп жатышат. Алар келгендерди өзүлөрүнүн жана туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырышууда. Ал эми Кыргызстанда тууган, тааныштары жокторду Токмок шаарындагы үйлөргө киргизишүүдө.

Ал эми Токмок шаардык ооруканасына 18 киши түрдүү жаракаттары менен келип түшкөн. Ичинен 17си казак жарандары. 10 киши амбулатордук түрдө дарыланышат.

Эске салсак, 7-февралдын кечинде Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сарытөбе айылдарында жергиликтүү тургундар арасында жапырт мушташ болгонун Казакстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Масанчи менен Сарытөбе Кыргызстан менен чек аралаш аймакта, Токмок шаарына тушташ жайгашкан Казакстандын айылдары.

Бул айылдарда казактардан тышкары дунгандар да жашайт.

Казакстандын укук коргоо органдары мушташка эмне себеп болгонун кабарлаша элек.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Кордай районундагы башаламандыкка байланыштуу кыргыз-казак чек арасында кайтарууну күчөттү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.