16.01.2020 15:33

Казакстандагы жол кырсыгынан төрт кыргызстандык каза тапты

Казакстандагы жол кырсыгынан төрт кыргызстандык каза тапты

Кыргызстандын 4 жараны Казакстандын Актөбө облусунда болгон жол кырсыгында каза тапты. Бул тууралуу REGNUM маалымат агенттиги жазды.

Кырсык бүгүн саат 2 жарымда Самара-Шымкент унаа жолунда катталды. LADA 21 070 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун тайгалактыгынан улам рулга ээ боло албай калган. Ал каршы тарапта келе жаткан унаа менен бет маңдай сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу жана 3 жүргүнчүсү окуя болгон жерде набыт болду. Дагы бир жүргүнчү аял оорканага жаткырылды.