09.02.2020 12:33

Казакстандан качкандарга гуманитардык жардам керек! Байланыш номурлары жана даректери

Казакстандан качкандарга гуманитардык жардам керек! Байланыш номурлары жана даректери

Казакстандан Кыргызстанга келген качкындар гуманитардык жардамга муктаж. Кайдыгер карабагандар тамак-аш жана жылуу кийим берип, кол кабыш кылышса болот.

Гуманитардык жардамды чогултуу үчүн бир нече жай ачылган.

Биринчиси, Огонбаев көчөсү, 222 (Гоголь көчөсү менен кесилишет). «Канцлер» дүкөнүнүн жанында. Ал күнүгө саат 10:00дөн 18:00гө кабыл алат.

Экинчи жай Токмок шаарында “Пекин” кафесинде.

Жылуу кийимдер дагы керектелет. Көрсөтүлгөн телефон номурлары аркылуу сүйлөшсө болот: (+996)-550-150-387, (+996)-550-252-514, (+996)-553-485-092.

Эске салсак, 7-февралдын кечинде Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сарытөбе айылдарында жергиликтүү тургундар арасында жапырт мушташ болгонун Казакстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Масанчи менен Сарытөбе Кыргызстан менен чек аралаш аймакта, Токмок шаарына тушташ жайгашкан Казакстандын айылдары.

Бул айылдарда казактардан тышкары дунгандар да жашайт.

Казакстандын укук коргоо органдары мушташка эмне себеп болгонун кабарлаша элек.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Кордай районундагы башаламандыкка байланыштуу кыргыз-казак чек арасында кайтарууну күчөттү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.