19.12.2018 15:51

Кезектеги курулуш: Бишкекте сейил бактын ордуна көп кабаттуу үй салынууда

Кезектеги курулуш: Бишкекте сейил бактын ордуна көп кабаттуу үй салынууда

Сейил бактагы кезектеги курулуш. Бул жолу Бишкектин түштүгүндөгү парктын жогору жагында көп кабаттуу үй салына баштады. Бак-дарактуу жашыл аймакка бир түндүн ичинде тосмолор орнотулуп, курулуш иштери башталганы туурасында соцтармактарда маалымат тараган.

Укук коргоочулар курулуштун ордуна план боюнча эс алуу багы болушу керектигин айтып, сотко кайрылууга белсенишүүдө.