Элчилик кызматтан бошотулган Кылычбек Султан чет өлкөдөн саясий башпаанек сурап кайрылды

Элчилик кызматтан бошотулган Кылычбек Султан чет өлкөдөн саясий башпаанек сурап кайрылды

Кылычбек Султан Кыргыз Республикасынын Кореядагы Элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
 
«Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Султан Кылычбек Камчыевич Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду», -деп жазылат маалыматта.

Ал эми, Кылычбек Султан өз кезегинде Сооронбай Жээнбековдун бийлигин таануудан баш тарта турганын жана чет өлкөдөн саясий башпаанек сурап кайрылганын социалдык тармактагы өз баракчасында билдирди. 

April.kg порталына берген эксклюзивдүү маекте эмне үчүн бул кадамга барганын, Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчиликтери чынында кандай иштегенин жана өз балдарынын келечеги үчүн кооптоно баштаганын айтып берди.