09.04.2020 11:13

Кимиси жалган айтты? Оштун дарыгерлери: вице-премьер Бороновдун "дарыгер коронавирусту ажы тойдон жугузду" деген билдирүүсү калп .

Кимиси жалган айтты? Оштун дарыгерлери: вице-премьер Бороновдун "дарыгер коронавирусту ажы тойдон жугузду" деген билдирүүсү калп .

Оштогу орукананын дарыгери ажы тойго барган эмес, ал коронавирусту жумушта жүрүп жугузуп алган. Дал ушундай билдирүү менен Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар стационарынын жамааты чыгышты.

Алар биринчи вице-премьер министр Кубатбек Бороновго, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго жана өлкөнүн башкы инфекционисти Гулжигит Аалиевге дарыгерлер жөнүндө туура эмес маалымат берилип жатканын айтышып, кайрылуу жолдошкон. Кайрылуунун сүрөтүн Stella Sultan аттуу Facebookтун колдонуучусу социалдык тармакка жүктөгөн.

Төмөндө алар жолдогон кайрылууну өзгөртүүсүз жарыялайбыз.

«Кыргыз Республикасынын вице-примьер министри К. Бороновго,
Саламаттыкты сактоо министри С. Абдикаримовго,
Кыргыз республикасынын башкы инфекционисти Г. Аалиевге

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар стационарынын коронавирус илдетине кабылган кызматкерлеринен

КАЙРЫЛУУ

Биздин кайрылуубуз төмөндөгүчө:
— Балдардын жугуштуу оорулары стационарынын (кийин ДИС деп беребиз) кызматкерлери К. Бороновдун жана Г. Аалиевдин брифингин көргөндөн кийин, биздин жетекчилик, Ош шаарынын эпидемиологдору туура эмес билдирүүлөрдү берип, биздин аброюбузга шек келтиришти деп эсептейбиз.
Себеби: биздин дарыгер эч кандай кошунасыныкына кирип, чай ичкен эмес.
18.03.20 числосунда Ош шаарынын Черемушки кичи шаарчасында жайгашкан ФТБ-3түн аварийный имаратына 17.03.20сы кичи ажыдан кайтып келген жарандардан анализ алууга, анкета толтурууга ДИСтин башчысы Абжалов тарабынан киргизилген.
Дарыгердин айтуусу боюнча, ал жерде эч кандай шарт түзүлгөн эмес болгон. Шаар мэринин көрсөтмөсүнө карабастан, ал жерди жууп-тазалоо болгон эмес.
(Биздин оорукананын 1-корпусу ремонтко жабылганына байланыштуу, 2-4-бөлүмдөр 4 ай бою ошол жерде иштешкен жана 14.03.20күнү «обсервация болот» деп, шашылыш көчүрүлүп) имараттын ичи талапка ылайык хлор менен тазаланбаган, кварц жөнүндө ойлонулган эмес. Кийинки күнү умрадан келген жарандар аркылуу видео тартылып, интернет аркылуу жалпы кыргыз эли көргөн.
Умрадан келген жарандар өткөн коридор менен өтүп, туткаларды ачып, ошол аба менен дем алып, биздин дарыгерлер ошол имаратка кирип, «таза зона, кир зона» жок экендигин көрүп, Абжаловго телефон аркылуу билдирген. Ошол имаратта СИЗ костюмдарын кийип киришкен.
Улгайып калган жашына, өнөкөт оорулары бар экендигине, 3-бөлүмдүн дарыгери Аматованын телефон аркылуу эскерткендигине карабай Абжалов жөнөтүп жибергендиги менен КР МЗ 156 приказын одоно түрдө бузуп, жалган маалыматты бергендиги менен «ар бир ак кызмат өтөгөн ДИСтин кызматкерлеринин аброюна шек келтирген» деп эсептеп, сиздерди аныктап-тактап, керек болсо комиссия түзүп, бизди актап, эл алдында төгүлгөн намысыбызды кайрып берет деген үмүт менен сиздерге кайрылуу жасадык.
Биздин коллектив ушул күнгө чейин «Дарыгер 2-3 жолу гана ремонтту көргөнү келген» деген жалган кептерди, «башка жактан жугузду» деп кой деп дарыгерден суранганын, жумушта бүтүндөй оорукана обсервацияга алынса да, толук кандуу иш-чара жүргүзүлбөгөндүгү жөнүндө телефон аркылуу айтсак да, көңүл бөлбөгөндүгүн, жана ушул күндөрү мас ахыбалында жүргөндүгүн да айта кетебиз. «Ар күнү түшүнүк кат жазың, ал жактан деп кой» деп биздин дарыгерди психикалык атакага алган.
Чындык издеп, чыркыраган ДИСтин кызматкерлери», деп айтылат кайрылууда.

Эске сала кетсек, кечээ, биринчи вице-премье-министр Кубатбек Боронов 8-апрелде, маалымат жыйынында Оштогу ооруканадагы дарыгер кичи ажылыкка барган кошунасынан жуктуруп алып, кесиптештерине жуктурганын учкай белгилеген.

Бүгүн, 9-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 280 кишиге жетти. Алардын төртөө каза болду. Оору жуктургандардын ичинен 34 адам медицина кызматкерлери.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.