Кыргыз Мамлекеттик циркинин башкы директору кызматынан бошотулду

Кыргыз Мамлекеттик циркинин башкы директору кызматынан бошотулду

Кыргыз Мамлекеттик циркинин башкы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма -сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Исанаев Курмангазы Жусупказиевич башкы директор кызматына 2004- жылы 6- октябрда Кыргыз Республикасынын ошол кездеги Премьер- министри тарабынан дайындалган.

Ал эми, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013 –жылдын 3- майындагы № 236 токтому менен бекитилген жобого ылайык, маданият министри өз номенклатурасына кирген ведомстволук мекемелердин жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот.