30.10.2018 12:28

Кыргыз саясатчылар сунуштаган экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору

Кыргыз саясатчылар сунуштаган экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору

Каражатты дагы кайдан алсак? Экономиканы көтөрүү жолдору кандай болуш керек? Кыргызстанды кантип өнүктүрсөк? Аймактарды өнүктүрүү багытын алган президент Сооронбай Жээнбеков доллардык жана сомдук миллиардерлер айылдарын колго алса, өлкө тез өнүкмөк деп капчыктууларга кайрыла кетти. Ал эми эл өкүлдөрү көп түкүрсө, көл болот дегениби, айтор, жөн жатпай "Көбөйөлү" деген максатты алдыбызга койду. Чоңдорубуз өлкөнү дагы кандай жолдор менен өнүктүргүсү келет? April.kg алардын кызыктуу демилгелерин топтоду.