15.11.2018 10:19

Кыргыз спортчусу гиря көтөрүү боюнча дүйнөлүк рекордду жаңылады

Кыргыз спортчусу гиря көтөрүү боюнча дүйнөлүк рекордду жаңылады

Кыргыз спортчу Екатерина Старикова Өзбекстандын Бухара шаарында өткөн гиря спорту боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1-орунга ээ болуп, дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Спорттун бул түрү боюнча мелдеш 1-ноябрдан 5-ноябрга чейин өтүп, ага 16 өлкөдөн 325 спортчу барган. Кыргызстандан 5 спортчу катышып, өз салмак чендеринде чемпион аталышты.

Алардын бири  Екатерина Старикова 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 10 мүнөттүн ичинде 16 килограммдык гиряны 266 жолу көтөргөн.  Бул жыйынтык менен ал алтын медаль тагынып, дүйнөлүк рекордду жаңылады. Буга чейин Украиналык спортчу 260 ирет көтөрүп, ал рекорд 9 жыл кармалган.

Ошондой эле Дүйнө чемпиондугунун алтын медалдарына Кыргыз өлкөсүнөн барган Александр Петров, Тариэль Бакиров, Алмаз Балтабаев жана Александр Сапожников ээ болушту.

Кийинки дүйнө чемпионаты Австралиянын Мельбурн шаарында өтмөкчү.