16.10.2018 14:28

Кыргыз спортчусу Шахман Сулейманов кол күрөш боюнча дүйнө чемпиону наамына татыды

Кыргыз спортчусу  Шахман Сулейманов кол күрөш боюнча дүйнө чемпиону наамына татыды

Кыргыз спортчусу Шахман Сулейманов Түркияда өтүп жаткан армрестлинг (кол күрөш) боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медалды утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. 

Анталья шаарында өтүп жаткан мелдеште Шахман Сулейманов 21 жашка чейинкилер арасында күч сынашып, бардык беттештерде жеңишке жетти. Бул жыйынтык менен Сулейманов Дүйнө чемпиону наамына татыды.

18 жашка чейинкилер арасында спортчусу Өткүр Асхат уулу күмүш медаль утту. 

Айта кетсек, аталган мелдеште 54 өлкөдөн 1200дөн ашуун спортчу катышууда. Кыргызстандан 28 спортчу барып, 4 категорияда күч сынашат.