15.01.2019 09:07

Кыргыз тилин жакшы билген абитуриенттерге артыкчылык берилет

Кыргыз тилин жакшы билген абитуриенттерге артыкчылык берилет

Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайга тапшырууда кыргыз тил үчүн артыкча укуктар берилээрин жарыялады. Ал жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен эки абитуриенттин балы бирдей болуп калган учурда колдонулат. Демек, упайлары тең келген бүтүрүүчүлөрдүн кимисинде мамлекеттик тилди билээрин тастыктаган сертификат (Кыргызтест) болсо, окууга өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет.