31.03.2020 15:23

Жалпы республикалык тестирлөө белгисиз мөөнөткө жылдырылат

Жалпы республикалык тестирлөө белгисиз мөөнөткө жылдырылат

Жогорку окуу жайына аттанып жаткан балдардын күчүн сынаган жалпы республикалык тестирлөө белгисиз мөөнөткө жылдырылат. Бул тууралуу билим берүү министрлиги кабарлайт.

“Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо өлкөдөгү кырдаал турукташканга чейинки мөөнөткө жылдырылды. ЖРТны өткөрүү мөөнөтү дагы жылдырылат”, - дейт билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Эске салсак, бүгүн, 31-мартта жаңы учурлар Ысык-Көл облусунда дагы катталган. Бардыгы болуп илдетти жуктургандардын саны 107 кишиге жетти.

Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды.