08.05.2018 10:10

Кыргыз тилиндеги китептерди басуудан мурун коомдук талкууга чыгаруу сунушталууда

Кыргыз тилиндеги китептерди басуудан мурун коомдук талкууга чыгаруу сунушталууда

"Мамлекеттик тилде чыгарылган китептердин наркы өтө жогору болгондуктан, аларга атайын экспертиза жүргүзүлсүн. Ал гана эмес, китептерди басып чыгаруунун алдында  коомдук талкуудан өткөрүлсүн. Ошондо келип түшкөн сын – пикирлерди эске алуудан соң гана китепти басып чыгарууга уруксаат берүү керек". 

Мындай ой-пикирлер Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында айтылды. Отурумда Кыргыз Республикасында 2014-2020 – жылдар аралыгындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасын аткаруу боюнча тармактык комитеттин жумушчу тобунун маалыматы угулду.  

Бул маселени кароо демилгеси тармактык комитетке таандык. Бул багыттагы баяндаманы депутат Рыскелди Момбеков даярдап, бир топ жагдайларга токтолду. Билим берүү министрлиги тарабынан чыгарылган Мамбетова авторлук кылган 3-класстар үчүн “Мекен таануу” китебинин Бишкек шаарына – 86, Ош областына – 56, Талас областына – 42 даанасы таратылган. Ушундай эсептеги китеп менен канткенде мамлектетик тилди өнүктүрө алабыз? – деген мисалдарды келтирген баяндамачы депутат Айтматовду таануу китептерин жайылтууга неге жетиштүү көңүл бурулбайт? – деген орчундуу суроону да көтөрдү.

Депутат Садык Шер-Нияз тил, маданият, истусство жаатына кайрылып, - “Кур дегенде манасчылардын тилди өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын эмнеге көрмөксөнгө салабыз? Биринин дагы даңкталана турган сыйлыкка илинбегендиги өкүндүрөт”, - деди.

Вице – премьер – министр Алтынай Өмүрбекова мамлекеттик тил билүү деңгээлин аныктоочу иш аракеттер тууралуу айтып, усулдук китепчелердин даярдалып жаткандыгын дагы кошумчалады.