30.05.2018 10:37

Кыргыз жаранын арматура менен сабап өлтүргөндөргө издөө жарыяланат

Кыргыз жаранын арматура менен сабап өлтүргөндөргө издөө жарыяланат

Москвада 28 жаштагы кыргыз жаранын арматура менен сабап өлтүргөндөрдүн өздүгү аныкталды. Бул туурасында КР ИИМ маалымат кызматынан билдиришти. 

Буга чейин жергиликтүү ЖМКларда Москвада Урмат Мамбетов аттуу кыргыз жараны менен дагы бир кыргыз кыз сабалганы, Урмат  алган оор жаракаттарынан көз жумганы тууралуу маалымат тараган. 

ИИМдин билдиргенине караганда, 2018-жылдын 14-майында болжол менен 23:30дө Красногорск шаардык округундагы Москва суусунун жанынан башына ар кандай жаракаттарды алган  1991-жылкы кыргыз жараны табылган. 

Жабырлануучу шаардык ооруканага жеткирилип, бирок алган жаракаттарынан улам эсине келбей каза тапкан.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна караганда, анын өлүмүнө баш сөөгүнө алган жаракаты себеп болгон. 
Аны менен кошо аймактык ооруканага 1992-жылкы  Жалал-Абад облусунун тургуну жеткирилген. Ал учурда дарыланууда. 

Россиянын укук коргоо органдары тарабынан  бул иш боюнча 111-берененин 4 -пункту менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин  жүрүшүндө күбөлөр табылып, алар кылмышка шектүү адамдар тууралуу маалымат беришти.

Алар 23 жана 26 жаштагы адамдар болуп чыкты. Учурда РФнын ИИМинин кызматкерлери тергөө жана ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүүдө жана шектүүлөргө федералдык издөө жарыялоого камданып жатышат.