18.02.2020 10:07

Кыргыз жаранынан коронавирус табылды. Учурда ал Diamond Princess круиздик лайнеринде

Кыргыз жаранынан коронавирус табылды. Учурда ал Diamond Princess круиздик лайнеринде

Япониядагы Diamond Princess круиздик лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирус табылды. Бул тууралуу World of Cruising журналы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, лайнердеги дагы 67 киши илдетке чалдыккан. Учурда кеме Япониянын Иокогама шаарында эки жумалык карантинде турат.

Вирусту жуктургандардын катарында Австралия, Канада, Кытай, Германия, Гонконг, Кыргызстан, Индия, Филлиппин жана Тайвань жарандары бар.

Акыркы маалыматтар боюнча, лайнерде оору жуктургандардын жалпы саны 450 адамдан ашты. Бардыгы кемеде 3 миң 400 адам бар.

Буга чейин АКШнын Токиодогу элчилиги кемедеги жүргүнчүлөрдүн арасындагы америкалыктар эки учак менен АКШга жөнөтүлгөнүн кабарлаган. 17-февралда АКШнын Мамлекеттик департаменти саякат кемесинен эвакуацияланган 300 америкалык жарандын ичинен 14 адамдан илдеттин белгилери табылганын жарыялаган. Кемеден эвакуацияланган 300 адам толугу менен дагы 14 күн бою АКШда карантинде болушмакчы.

Дүйнө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 71 миң кишиден ашты . 70 миңден ашыгы Кытайда катталган. Каза болгондордун саны 1770 адамга жетти.