01.06.2018 14:37

«Кыргыздипсервис»: 3 гектар жер Кытайга 2003-жылы эле берилген

«Кыргыздипсервис»:  3 гектар жер Кытайга 2003-жылы эле берилген

«Кыргыздипсервис» ишканасы акыркы учурда  ЖМКлар аркылуу кеңири жайылып, соцтүйүндөрдө кызуу талкуу жаратып жаткан Кытай элчилигине  бөлүнүп берилген жер тилкеси боюнча түшүндүрүү таратты.

Маалыматта: «Бишкек шаарынын түштүк-батышындагы азыр Кытай элчилиги жайгашкан жер тилкеси элчиликке 2003-жылы 2-октябрда Бишкек шаарынын мэриясынын  №712 токтомунун негизинде 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилген. 

Муну менен катар, кыргыз тарап дипөкүлчүлүгүн жайгаштыруу үчүн Пекин шаарынын борборунан 25 сотых жер алуу боюнча келишимге жетишкен. Андан сырткары, Кытай тарап Кыргызстан элчилигинин имаратын толук куруп берүү ниетинде. 

Маалымат иретинде айта кетсек,  Пекин шаарынын борборунда 1 чарчы метр  жер 2500-3800 доллар турат ( же 9,5 млн АКШ доллары), ал эми Бишкекте 1 чарчы метр жер кыйла арзан», -деп жазылат.