22.05.2019 16:44

Кыргыз-казак чек арасында тыгында турган айдоочулар бийликке нааразы

Кыргыз-казак чек арасында тыгында турган айдоочулар бийликке нааразы

Кыргыз-казак чек арасынын көйгөйү чечилгис болду. Чоң жүк ташыган айдоочулар товарын өткөрө албай, кезерип кезекте турушат. Өз кезегинде өкмөттүн аларга кулак салайын деген ниети жок.

Айласы кеткен айдоочулар өз ара жыйын уюштурушуп, арыз-муңдарын айтышты. Бирок бийлик тарабынан жардам болобу же жокпу, аны айтуу кыйын деп билдиришти айдоочулар.