Өзгөчө абал: Шаардын чек жакасындагы блокпосттордо ири тыгындар жаралууда

Өзгөчө абал: Шаардын чек жакасындагы блокпосттордо ири тыгындар жаралууда

Чүй облусунун Маевка айылында коюлган блокпосттун жанында ири тыгын жаралды. Бул тууралуу “Апрель” телеканалынын кабарчысы билдирди.

Анын айтымында жолго чыккан жергиликтүү тургундарды болгону бир кызматкер текшерип жатат. Ал сегиз сааттан бери ордунан жылбай, адамдардын дене табын текшерүүдө.

Ошондо бир автоунааны текшерүү үчүн бери дегенде эле эки-үч мүнөт сарпталып, тыгын пайда болуп жатат. Жарандардын басымдуу бөлүгү нааразычылыгын билдиришкен, себеп ар бири кезекте жарым сааттан турууга аргасыз болушкан.

«Эгер бир же эки кызматкер кошуп беришсе жакшы болмок. Анда унааларды бир нече катарга тизип текшерүүгө болмок», - дешет айдоочулар.

Бүгүн, 25-мартта Кыргызстанда өзгөчө абал саат 8:00дөн тартып күчүнө кирди. Ага ылайык, Бишкек шаарында 15 санитардык-өткөрмө пункт тургузулуп, шаар аймагына кирип-чыгууга чектөө киргизилди.

Ошондой эле Бишкектен сырткары Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 24-мартта кол коюп, аны парламент толук колдоду.

Учурда Кыргызстанда коронавируска чалдыккандарлдын саны 42 кишиге жетти.