12.07.2019 11:35

Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалар дагы эле кезектерде турушат

Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалар дагы эле кезектерде турушат

Казак-кыргыз чек арасында чоң жүк ташуучу унааалардын тыгыны. Кезерип кезек күткөн айдоочулар өткөрүү пунктунан өтө албай турушат. Азыркы тапта 50дөн ашуун унаа турат. Айдоочулардын айрымдары, ысыкта үч-төрт күндөн бери турганын билдиришти. Себеп – казак тараптан текшерүүгө алгандардын саны көбөйгөн.