12.02.2020 12:57

Кыргыз-Кытай чек арасы жабык турса экономикага кедергиси тийбейби? Президенттик аппараттын жообу

Кыргыз-Кытай чек арасы жабык турса экономикага кедергиси тийбейби? Президенттик аппараттын жообу

Кыргыз-кытай чек арасын ачуу мөөнөтүн Кытай тарап 15-февралга чейин жылдырып койгон. Бул тууралуу президенттик аппараттын стратегиялык өнүгүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиевдин билдирүүсүн Sputnik маалымат агенттиги жазып чыкты.

Анын айтымында, чек ара качан ачылары коңшу өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан жана Кытай бийлигинен көз каранды. Бирок ал чектөө дагы созула турган болсо, анда айрым товарларды алууда альтернатива издөөгө туура келээрин кошумчалады.

"Кытай мурда деле ушул учурда чек арасын жаап жүргөндүктөн, азыр көпчүлүк тармактарда запастар бар. Андыктан кесепет боюнча кандайдыр бир так кесе жыйынтык чыгарууга эрте. Бирок Экономика министрлиги жеңил өнөр жай, курулуш, кайра иштетүү сыяктуу тармактарды анализдеп жатат", — деди Иманалиев.

Ошондой эле ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамаларына шилтеме берип, тиешелүү санитардык нормаларды карманган учурда коронавирус соода-сатыкка таасир этпеши керектигин кошумчалады. Мындан тышкары, жетекчи эгер чек ара жабык тура берсе, анда Кыргызстан да сырттан товар алуунун альтернативдүү жолдорун ойлоно башташы керектигин айтты.

Эске салсак, буга чейин өкмөт чек араны, аба каттамдарын коронавирус боюнча абал турукташкыча кыргыз тарап жапканын айткан эле.