29.03.2019 09:05

Кыргыз-орус ишкерлери 6 миллиард долларга келишимдерди түздү

Кыргыз-орус ишкерлери 6 миллиард долларга келишимдерди түздү

Россия жана Кыргызстандын президенттери жолугуп жаткан учурда кыргыз-орус экономика министрлери убакытты текке кетирген жок. Олег Панкратов өзүнүн кесиптеши Максим Орешкин менен эртең мененки тамакта чогуу болуп, стол четинде Россиядан келген өкүлдөрдү кызматташууга чакырды. Анын алкагында кызматташуу жөнүндө 7 келишим, 9 меморандумга кол коюлду.

КР Өкмөтүнүн айтымында, инвестициялык жана экспорттук макулдашуулардын суммасы 6 миллиард доллардан ашат.