17.05.2018 15:29

Кыргызстан алган насыялардын көлөмү 9 млрд. доллардан ашты

Кыргызстан алган насыялардын көлөмү  9 млрд. доллардан ашты

Кыргызстандын алып жаткан насыяларынын жалпы көлөмү 9 млрд доллардан ашты. Бул туурасында бүгүн ЖК жыйынында белгилүү болду.

Бүгүн, 17-майда парламент Бишкек ЖЭБде болгон авариянын себептерин жана анын кесепеттерин жоюу чараларынын жүрүшүн, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатат.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, Кыргызстан алган насыялардын жалпы көлөмү 9 млрд. доллардан ашты. 

Анын ичинен эле 2 млрд. 77 млн. доллары, башкача айтканда, бардык насыянын 21 пайызы  энергетика тармагына жумшоо үчүн алынган.