21.12.2018 13:44

Кыргызстан ишкерлери өкмөттөн бизнестин укуктарын коргоону талап кылууда

Кыргызстан ишкерлери өкмөттөн бизнестин укуктарын коргоону талап кылууда

Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев кызматка келген соң, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү - өкмөттүн башкы максаттарынын бири деп жар салган эле. Албетте, демилге мактоого татыктуу болгону менен иш жүзүндө абал кандай? 
Башына түшкөн түйшүктөрдү көптөн бери эле айтып келип, жыйынтык чыгара албаганын билдирген ишкерлер бизнес чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдарды карап чыгууну өтүндү.