Кыргызстан коронавирусту аныктай турчу дагы 30 миң экспресс-тест сатып алды

Кыргызстан коронавирусту аныктай турчу дагы 30 миң экспресс-тест сатып алды

Кыргызстан Кытайдан 30 миң экспресс-тест сатып алат. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб кабарлайт.

Маалыматка караганда, Республикалык штабдын тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги менен биргеликте медициналык каражаттарын, анын ичинде COVID-19 коронавирус инфекциясын аныктоочу экспресс-тесттерди сатып алуу боюнча иштерди жүргүздү.

“Бүгүн, 25-мартта, 112 500 АКШ долларына ташуу эсеби жок кошумча 30 миң экспресс-тест сатып алуу маселеси чечилди. Жакынкы күндөрү экспресс-тесттер Саламаттыкты сактоо министрлигине келип түшөт”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин, Кыргызстанга 22 500 АКШ доллар суммасында ыкчам тартипте 5 миң экспресс-тест сатып алынып жеткирилген. Ал экспресс-тесттер КР Өкмөтүнүн эсебинен иш жүзүнө ашырылган.

Бүгүн, 25-мартта Кыргызстанда өзгөчө абал саат 8:00дөн тартып күчүнө кирди. Ага ылайык, Бишкек шаарында 15 санитардык-өткөрмө пункт тургузулуп, шаар аймагына кирип-чыгууга чектөө киргизилди.

Ошондой эле Бишкектен сырткары Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 24-мартта кол коюп, аны парламент толук колдоду.

Учурда Кыргызстанда коронавируска чалдыккандарлдын саны 42 кишиге жетти.